31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Каракол шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун салтанаттуу көтөрүү аземи өттү.
Иш-чара майрамдык концерттик программанын алкагында уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин коштоосунда ардак кароолдун кызматкерлери мамлекеттик тууну салтанаттуу түрдө көтөрүштү.
Туунун өлчөмү 6,4 × 3,8 метрди түзөт. Шаардын борбордук аянтына орнотулган жаңы флагштоктун бийиктиги 25 метрди түзөт.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, коомчулук, шаар тургундары жана коноктор катышты.
Майрамдык программа Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган концерттик чыгармалар жана башка иш-чаралар менен уланды.
Концерттин түз эфирин УТРК Ысык-Көлдөн, Номад ТВ каналынан жана төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар.