Каракол шаарында коомдук транспортту жаңылоо иштери уланууда. Шаарга жаңы 39 автобустар жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт учурунда Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов билдирди.
Жаңы автобустардын ачкычтарын мэрге Shirshov фондунун өкүлү Ирина Ширшова тапшырды.
«Биз үчүн фонддун ишмердүүлүгү шаардын турмушундагы конкреттүү өзгөрүүлөр менен коштолушу маанилүү. Бүгүн биз Каракол шаарына жаңы автобустарды тапшырып жатабыз. Алар шаарга узак убакыт кызмат кылып, Караколдогу коомдук транспортту тургундар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат деп ишенем. Фонддун жалпы жамаатынын атынан Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен куттуктайм! Өлкөбүзгө тынчтык жана өнүгүү, ал эми Караколго гүлдөп-өсүү жана жакшы өзгөрүүлөрдү каалайм!» - деди Ирина Ширшова.
39 автобустун бардыгы пайдаланууга даяр. Жакынкы убакта алар шаар ичиндеги каттамдарга чыгып, учурдагы коомдук транспорттун бир бөлүгүн жаңылоого шарт түзөт. Мунун натыйжасында шаар тургундары үчүн жол жүрүү дагы ыңгайлуу болот.
Караколдогу транспортту жаңылоо программасы муну менен эле токтоп калбайт. 2026-жылдын октябрь айына чейин Shirshov фонду шаарга дагы 24 автобус өткөрүп берет.
Ошентип, долбоордун алкагында Каракол шаары жалпысынан 63 жаңы автобуска ээ болот.