Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык кыз “Бишкек Аренада”көрүүчүлөрдү суктандырды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде көрүүчүлөрдү чыныгы карышкырдын улуган үнүнө окшош үн таң калтырды.

Аны 17 жаштагы Сезим Коргонбаева эч кемчиликсиз туурады. Сезим – "Номад ТВ" каналындагы “Ты супер! Кыргызстан” долбоорунун катышуучусу.

Сезим Коргонбаеванын долбоордогу өнөрүн президент Садыр Жапаров көрүп, жаш кыздын өзгөчө талантына абдан таасирленген. Президент анын видеосун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде көрсөтүүнү тапшырган.

Сезим жаныбарлардын үнүн туураганды Нарындын тоолорунда кой кайтарып жүргөндө үйрөнгөн.

Тоодо болгонумда койлорду иттер менен көп кайтарам. Алар бул иште жакшы жардамчы болушат. Бир күнү өзүм да иттердей үрүп көрүүнү чечтим, ошентип үйрөнүп алдым. Иттер жанымда болбогондо, өзүм үрүп, койлорду ушундай жол менен тезирээк айдай алам”, - деп айтып берди Сезим тартуу тобуна.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан