Бүгүн, 1-сентябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкекте велосипед менен шаар аралады. Бул тууралуу видеону өкмөт башчы соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"Бишкекте күндү 31 чакырымдык велосипед тебүү менен баштадык",- деп билдирүү калтырган ал.
Белгилей кетсек, Никол Пашинян Бишкекке "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келген.