Бишкектеги "Ырыс Ордодо" Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталуу алдында турат.
Учурда чет өлкөлүк лидерлер келишүүдө. Аларды тышкы министри Жээнбек Кулубаев тосуп алууда. Ал эми ордонун ичинен президент Садыр Жапаров кабыл алып, сүрөткө түшүп жатат.
Айта кетсек, ШКУнун саммитине жана ШКУ плюс форматындагы жыйынына 15тен ашык чет мамлекеттердин башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышмакчы.