Бүгүн, 1-сентябрда Ички иштер министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи тынч өткөнүн маалымдады.
Милиция кызматкерлери иш-чара өткөн аймакта, ага жакын жайгашкан көчөлөрдө жана башка объекттерде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышты.
"Бардык тартылган кызматтардын биргелешкен жана так иш алып баруусунун натыйжасында ачылыш аземи ырааттуу өтүп, коомдук тартиптин бузулушуна жана ар кандай кырсыктарга жол берилген жок",- деп айтылат маалыматта.