Кечээ, 31-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө маселелери талкууланды. Айрыкча парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө, экономика, инвестиция, соода, билим берүү жана санариптик өнүгүү багыттарындагы өнөктөштүктү күчөтүүгө көңүл бурулду.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүү жана жаңы кызматташтык багыттарын ишке ашыруу маанилүү экенин белгилешти.