Кечээ, 31-августта Бишкек дүйнөнүн көңүл борборуна айланды. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы менен коштолуп, жаңы "Бишкек Аренада" миңдеген көрүүчүлөрдүн алдында тарыхый кече өттү. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн спортчулар, чыгармачыл топтор жана жогорку даражалуу коноктор Кыргызстанга чогулуп, көчмөндөрдүн маданияты менен салттарын дүйнөгө көрсөтүштү.
Ачылыш аземине дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин лидерлери катышып, Бишкек бир күнгө эл аралык маанидеги чоң аянтчага айланды. Бул окуя чет элдик маалымат каражаттарынын көңүл сыртында калган жок. Анткени дал ушул иш-чараны чагылдыруу үчүн чет элден 200дөн ашуун журналисттер келди. Айрым дүйнөлүк ЖМКлар лидерлердин Кыргызстанга келишине басым жасаса, башкалары көчмөндөрдүн маданияты, улуттук спорттору жана масштабдуу ачылыш аземине өзгөчө көңүл бурушту. SUPER.KG порталы айрым басылмаларга баш багып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын чет элдик журналисттердин көз карашы менен карап чыкты.
Reuters эмне деп жазды?
Эл аралык Reuters агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын Бишкекке дүйнөнүн бир катар лидерлери чогулган окуя катары чагылдырды. Басылма Владимир Путин, Нарендра Моди, Масуд Пезешкиан, Режеп Тайип Эрдоган, Шахбаз Шариф, Касым-Жомарт Токаев жана Александр Лукашенко сыяктуу лидерлердин келгенин белгилеген. Ошондой эле оюндар көчмөн элдердин салттуу спортун жана маданиятын дүйнөгө жайылтууга багытталганын жазды.
Индиянын ЖМКлары Модиге басым жасады
Индиялык ANI маалымат агенттиги Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышканын жазды. Материалда Кыргызстан салттуу спортторун, маданиятын жана көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө көрсөтүп жатканы баса белгиленген.
Ал эми Индиянын Times of India басылмасы Моди менен Путиндин Бишкекке бараткан жолдо бир унаада чогуу түшкөн сүрөтүнө өзгөчө көңүл бурду.
Түркия: Эрдоган Бишкектеги ачылышта
Түркиянын Anadolu Agency агенттиги президент Режеп Тайип Эрдогандын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышканын башкы жаңылык катары чыгарды. Материалда Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдогандын "Бишкек Аренага" келип, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова тарабынан тосуп алынганы айтылат.
Казакстандын Qazinform агенттиги
Казакстандын Qazinform агенттиги ачылыш аземин түз алып берди. Басылма жаңы "Бишкек Аренада" өткөн ачылышка жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусуна басым жасады.
Мындан тышкары, казакстандык агенттик оюндарга 150дөн ашуун казак спортчусу катышып жатканын да өзүнчө белгилеген.
Азербайжан: Бишкектеги чоң эл аралык майрам
Азербайжандын APA агенттиги Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөнүн кеңири чагылдырды. Агенттик Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен биринчи айым Мехрибан Алиеванын аземге катышканын белгилеген.
APAнын материалдарында Бишкекке келген лидерлердин жолугушуулары да өзүнчө жаңылык катары жарыяланып, оюндардын ачылышы эл аралык жолугушуулар менен коштолгон чоң окуя болгонун көрсөтөт.
Беларус ЖМКлары өз спортчуларына көңүл бурду
Беларустун BelTA агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкөнүн спортчулары катышарын жазып, мелдештер Бишкек жана Чолпон-Атада өтөрүн белгилеген. Ачылыш аземи жаңы "Бишкек Аренада" өткөнү да айтылган.
Ал эми Беларустун news.by басылмасы президент Александр Лукашенконун Бишкекке келип, оюндардын ачылыш аземине катышканын жазды.
Орусия: Путиндин катышуусу
Орусиялык маалымат каражаттары үчүн ачылыш аземдеги негизги окуялардын бири президент Владимир Путиндин катышуусу болду. Кремлдин расмий сайты Путиндин "Бишкек Аренада" VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышканын билдирди.
Reuters да Путиндин Бишкекке келгенин жана башка дүйнөлүк лидерлер менен бирге ачылыш аземине катышканын белгиледи.
Ирандын медиасы Пезешкиандын сапарын белгиледи
Ирандын Press TV телеканалы президент Масуд Пезешкиандын Кыргызстанга ШКУ саммитине катышуу үчүн келгенине көңүл бурду. Материалда Бишкекте ШКУ лидерлеринин чогулушу жана Кыргызстандагы эл аралык иш-чаралардын мааниси айтылган.
Эл аралык медиадагы дагы бир өзгөчө басым
Айрым чет элдик медиалар үчүн бул иш-чаранын өзгөчөлүгү - спорт менен дипломатиянын бир жерде айкалышы болду. Reuters оюндардын ачылышы ШКУ саммитинин алдында өткөнүн белгилеп, дүйнөнүн бир катар лидерлери эки иш-чарага тең катышканын жазды.
Ошентип, чет элдик ЖМКлардын материалдарын карасак, Бишкектеги ачылыш бир эле спорттук мелдеш эмес, дүйнөлүк лидерлер чогулган, көчмөндөрдүн маданияты таанытылган жана Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көңүл борборуна чыккан чоң окуя катары чагылдырылууда.

Бир кечте Бишкек спорт жана маданияттын гана эмес, дипломатиянын да борборуна айланды. Ал эми дүйнөлүк ЖМКлар Кыргызстан уюштурган бул чоң майрамды өз өлкөлөрүнүн көз карашы менен дүйнөгө жеткиришти.