Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна арналган атайын чоку пайда болот

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан, бийиктиги 4050 метр бийиктикте жайгашкан чоку "Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу" деп аталат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, географиялык аталыш берүү тууралуу жарлыкка бүгүн, 1-сентябрда өлкө бпшчысы Садыр Жапаров кол койду.

Бул чечим ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгонуна жана 2026-жылы уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Кыргызстанда өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Эми Министрлер кабинети тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан