1–4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, фестивалга дүйнөнүн төрт тарабынан келген 21 конкурсант өз элинин музыкалык мурасын бир сахнада тартуулашат. Фестивалдын финалдык кечеси кыргыз жана дүйнөлүк сахна жылдыздарынын концерти менен жыйынтыкталат.
Фестивалга кирүү үчүн билеттерди
nebs.gov.kg сайтынан онлайн сатып алсаңыздар болот. Ошондой эле билеттер Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын чыгыш жана батыш тарабында жайгашкан эки сатуу түйүнүндө сатылат.