Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган чоң майрамдык концерт Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта өттү. Ага болжол менен 40 миңдей адам катышып, майрамдык кечеде улуттук салттар, тарыхый мурас жана заманбап маданият айкалыштырылды.
Музыкалык программага белгилүү кыргызстандык ырчылар жана жергиликтүү аткаруучулар катышты. Сахнада Мажик Байсынов, Темир Назаров, Freeman, Бегиш, Айым Айылчиева өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми кеченин башкы коноктору жана хедлайнерлери катары Филипп Киркоров менен Люся Чеботина чыгышты.
Масштабдуу майрамдык программа Кыргызстандын тарыхы, баалуулуктары жана келечеги тууралуу музыкалык-көркөм баяндоо форматында түзүлүп, ата-бабалардан калган мурастан тартып бүгүнкү заманбап Кыргызстанга чейинки жол көрсөтүлдү.
Салтанаттуу бөлүк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун ардак кароолдун коштоосунда көтөрүү аземи менен башталды.
Майрамга келген шаар тургундарын жана конокторду Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов куттуктады. Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө шаардын бир катар тургундарына сыйлыктар тапшырылды.
Мэр өз сөзүндө Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктап, өлкө акыркы жылдары тез өнүгүп жатканын белгиледи
"Бүгүн биз Кыргызстаныбыздын 35 жылдыгын белгилеп жатабыз. Акыркы жылдары өлкөбүз жарыктын ылдамдыгы менен өнүгүп жатат. Бул болгону башталышы. Каракол шаарыбыз да өсүп, жаңыланууда. Бул өзгөрүүлөр сиздердин колдооңуздардын жана, албетте, урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосунун аркасында мүмкүн болууда. Элибиз аман, жерибиз бүтүн жана тынч болсун. Ар бир үйдө тынчтык, ден соолук жана береке болсун! Кыргызстан өнүгүп, Караколубуз гүлдөп-өсө берсин!"- деди мэр.
Майрамдык концерттин жүрүшүндө Караколдун тургундарын дагы бир жагымдуу жаңылык күтүп турганы жарыяланды.
Мэрдин айтымында, "Shirshov фонд" коомдук фонду Каракол шаарына 63 жаңы автобус белек кылган. Алардын ичинен 39 автобус шаарга жеткирилген.
"Бардык автобустар ишке даяр. Жакынкы убакта шаардык каттамдарга чыгат",- деди Талантбек Иманов.
Майрамдын дагы бир өзгөчөлүгү — концерт учурунда түз эфирдин уюштурулушу болду. Шаар тургундары жана коноктору "Бишкек Аренада" өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун расмий сөзүн түз эфирден көрө алышты.
Майрамдык программанын маанилүү бөлүгү кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасына арналды. Көркөм программага улуу баатыр Манастын осуяттары да киргизилди.
Ал эми Эгемендүүлүк күнүнө арналган чоң майрамдык концерт салют менен жыйынтыкталды.