Биз социалдык тармакта

Beeline – VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий мобилдик оператору

Beeline улуттук мобилдик оператору VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий байланыш оператору катары катышуучуларды, конокторду жана уюштуруучуларды иш-чаранын бардык аянтчаларында үзгүлтүксүз мобилдик байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылат.

Быйыл Оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ачылыш аземи борбор калаанын «Бишкек Арена» стадионунда өттү, ал эми мелдештер жана масштабдуу этношаарча Ысык-Көл областынын Кырчын жайлоосунда уюштурулат. Тарыхыбызды чагылдырган Оюндар өтүп жаткан убакта, Beeline байланышта болуу жана эмоциялар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Beeline менен жакын-досторго чалуу, стористе сүрөт-видео бөлүшүү жана түз эфирге чыгуу – тез жана оңой. Заманбап технологиялар менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар бир адам үчүн жеткиликтүү болот, ал эми кооз сүрөттөр дүйнө жүзү боюнча тарап кетет.

2014-жылы өткөрүлө баштаган Оюндардын быйылкы масштабы өтө чоң: 113 өлкөнүн делегациялары, 3000дей спортчу, 40тан ашык этноспорт түрлөрү жана 100 000ден ашык көрүүчү. Кыргызстан үчүн бул өзгөчө жетишкендик: биздин өлкөдө жаралган долбоор ири эл аралык иш-чаралардын бирине айланды.

Beeline улуттук мобилдик оператору үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коштоп, адамдарды жана маданияттарды бириктирген байланыш кызматтарын камсыздоо – чоң сыймык. Бул иш-чара көчмөн элдердин бай мурасын жана ачык, меймандос, каада-салттарын жогору туткан заманбап Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытып келет.

Beeline – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КРнын МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары жана КРнын СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан