Бүгүн, 1-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде Евразиядагы заманбап транспорттук жана логистикалык байланыштарды тездетип өнүктүрүүнү сунуштады.
Ал ШКУ өлкөлөрү үчүн транспорттук байланыш чоң артыкчылык экенин белгилеп, 2035-жылга чейин ШКУнун транспорттук өз ара байланыш стратегиясын кабыл алууну сунуштады. Ошондой эле жүктөрдү жөнөтүлгөн жеринен акыркы дарекке чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген бирдиктүү санариптик транзит платформасын түзүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, Токаев жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагында кызматташууну күчөтүүгө чакырып, ШКУнун алкагында Жасалма интеллект борборлорунун тармагын түзүүнү сунуштады. Ага мүчө мамлекеттердин алдыңкы университеттери, илимий мекемелери жана технологиялык компаниялары тартылышы мүмкүн.
Токаев ШКУну реформалоо маселесин да көтөрүп, бул багытта иш алып барууну тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштады.
Казакстандын президенти ШКУ алкагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн өлкөсү бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.