Бүгүн, 1-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса менен жолугушту.
Президенттик администрация билдиргендей, тараптар соода-экономика, инвестиция, өнөр жай жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Египеттин Шанхай кызматташтык уюмундагы диалог боюнча өнөктөш катары катышуусу тууралуу сөз болду.
Египеттин өкүлү өлкөсү Кыргызстан менен саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.