Биз социалдык тармакта

Кытай лидери жыйындын ортосунда Садыр Жапаров менен коштошуп чыгып кетти (видео)

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекте өтүп жаткан "ШКУ+" форматындагы саммиттен сөз сүйлөгөндөн кийин чыгып кетти.

Алгач жыйындын ачылышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, андан кийин Си Цзиньпинге сөз берилген. Кытай лидери сүйлөгөн соң Өзбекстандын президенти сөз баштаган учурда Си Цзиньпин коштошуп, жыйындан чыгып кетти.

Анын эмне себептен саммиттен эрте кеткендиги расмий түрдө айтылган жок.

Белгилей кетсек, Си Цзиньпин 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышкан эмес. Буга Непал менен чек арадагы кыйратуучу суу ташкынынын кесепеттерин жоюу иштерин координациялоо себеп болгону айтылган.

Кытай лидери жыйындын ортосунда Садыр Жапаров менен коштошуп чыгып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан