Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин төртүнчү жолу кабыл алды. Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн саммитке чейин мындай жогорку деңгээлдеги жыйындар борбор калаада 2007, 2013 жана 2019-жылдары уюштурулган.
Алгачкы саммит Бишкекте 2007-жылы өтүп, анда Кыргызстанды Курманбек Бакиев башкарып турган. Кийин 2013-жылы саммитти Алмазбек Атамбаев, ал эми 2019-жылы Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылып өткөргөн.
2026-жылы Кыргызстан кайрадан ШКУга төрагалык кылып, уюмдун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитин Бишкекте өткөрдү. Бул жолку жыйын президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында уюштурулуп, ШКУнун 25 жылдыгына туш келди.