Биз социалдык тармакта

Бишкекте 5 өлкөнүн биринчи айымдары кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө барышты (видео)

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте 5 өлкөнүн лидерлеринин жубайлары кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгүнө арналган этнографиялык көргөзмөгө барышты. Бул тууралуу Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган соцтармактагы баракчасында билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын биринчи Айгүл Жапарованын кабыл алуусунда өттү. Ага Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюань, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзиёева катышты.

Көргөзмөдө кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүн чагылдырган салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары тартууланды. Андан соң биринчи айымдар үчүн концерттик программа уюштурулду.

Бишкекте 5 өлкөнүн биринчи айымдары кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө барышты
Эмине Эрдоган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан