Биз социалдык тармакта

Биринчи айымдар "Ала-Арча" резиденциясында жолугушту (сүрөттөр)

Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Азербайжандын, Кытайдын, Түркиянын жана Өзбекстандын лидерлеринин жубайлары Мехрибан Алиеваны, Пэн Лиюанды, Эмине Эрдоганды жана Зироат Мирзиёеваны кабыл алганын билдирди.
"Маданий программанын алкагында биринчи айымдар кыргыз элинин элдик декоративдик-колдонмо өнөрүнүн чеберлеринин эмгектери коюлган көргөзмө менен таанышышты. Экспозиция ардактуу конокторду кыргыз элинин бай маданий мурасы, өзүнө таандык салттары, кылымдарды карыткан чеберчилиги жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.
Ошондой эле кийизден жасалган буюмдар, салттуу тиричилик буюмдары, элдик чеберлердин эмгектери жана кыргыздын декоративдик-колдонмо өнөрүнүн ар түрдүүлүгүн чагылдырган башка эмгектер коюлду. Улуттук оймо-чиймелерге жана муундан муунга аяр сактоо менен өткөрүлүп келе жаткан салттуу кол өнөрчүлүккө өзгөчө көңүл бурулду",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Жапарова коноктор үчүн даярдалган концерттик программа да болгонун кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан