Легендарлуу испаниялык коргоочу Серхио Рамос жаңы клуб таба албаса, машыктыруучулук лицензиясын алууну пландап жатат. Бул тууралуу журналист Хосе Феликс Диас чет элдик басылмаларга маалымдады.
Маалыматка ылайык, Рамос футболчу катары карьерасын улантуу үчүн жаңы команда издеп жатат. Эгер келишим түзө турган клуб табылбаса, 40 жаштагы футболчу машыктыруучулук багытта билим алып, лицензия алууга көңүл бурат.