Биз социалдык тармакта

Көчмөндөр оюндары: Өлкө куржунунда 3 медаль

Кечээ, 1-сентябрь Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында монгол бөх, гореш жана кураш күрөштөрү боюнча 100 килограммдан жогорку салмак чениндеги мелдештер жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, турнир Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өттү. Кыргызстандык балбандар үч медаль жеңишти.

Гореш күрөшүнөн Асанкелди Нурказым уулу күмүш байге уткан. Ал эми монгол бөх күрөшүнөн Орозбек Аширов жана Кураштан Тилек Куралов коло байге тагынышкан.

Баш байгени ээлеген спортчуларга 100 миң сом, 2-орунду алгандарга 80 миң сом, 3-орунду багындыргандарга 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан