Бүгүн, 2-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан жер улак (көкпар) боюнча мелдештер башталды.
Алгачкы оюн Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда болду. Учурда беттештин биринчи бөлүгү аяктады. Эсеп 8:0 менен кыргыз улакчыларынын пайдасына чечилүүдө. Берилген тыныгуудан соң оюндун экинчи бөлүгү башталмакчы.