Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан жер улактан (көкпар) Кыргызстан алгачкы атаандашы болгон Монголияны 12:1 эсебинде жеңди.
Жер улактан оюндар бүгүн, 2-сентябрда башталды. Эки кураманын оюну бул мелдештеги алгачкы беттеш болду.