UFC уюмунун аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Наталия Силва менен беттешпей калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Championship Rounds" соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалым болгондой, Шевченко алган жаракатына байланыштуу беттешке катыша албайт.
Беттеш 3-октябрда АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өтө турган UFC 332 турниринин алкагында пландалган.
Бирок азырынча UFC уюму да, Шевченко да бул маалыматтарды тастыктай элек.