Бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жер улактан (көкпар) Орусия менен Венгриянын курамалары беттеш өткөрүшүүдө.
Оюндун биринчи бөлүгү аяктап, эсеп 7:0 менен орусиялыктардын пайдасында. Тыныгуудан соң экинчи бөлүк башталат.
Айта кетсек, мелдеш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жатат.