Кытай, Орусия жана Монголиянын чек арачылары биргеликте машыгуу өткөрүшөт
Кытай, Орусия жана Монголиянын чек ара кызматтары сентябрь айынын башында биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшөт. Бул тууралуу Кытайдын Улуттук коргонуу министрлиги расмий билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Чек араны коргоо жаатындагы кызматташтык – 2026" деп аталган машыгуу үч өлкөнүн чек арага жакын аймактарында чалгындоо жана диверсиялык аракеттердин алдын алууга багытталат.
Машыгуунун жүрүшүндө чек ара күчтөрү биргелешип план түзүү, шектүү адамдарды издөө жана кармоо, атайын операцияларды координациялоо, ошондой эле кармалган адамдарды тиешелүү тарапка өткөрүп берүү боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышат.
Үч өлкө бул машыгуулар аркылуу чек ара коопсуздугун чыңдап, өз ара ишенимди бекемдөөнү жана мекемелер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт.
Белгилей кетсек, Кытай, Орусия жана Монголиянын чек ара күчтөрүнүн мындай форматтагы алгачкы биргелешкен машыгуусу 2025-жылдын сентябрь айында өткөн.