Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттарды министрлерге талапты катуу коюуга чакырды.
"Көп учурларда министрлерди көрбөй калып жатасыңар. Бир көрүнүп кеткен бойдон жок болушат. Сиздер орчундуу маселелерде министрлер өздөрү келсин деп айтыңыздар. Мен да муну талап кылам",- деди спикер бүгүн, 2-сентябрдагы парламент жыйынында.