Биз социалдык тармакта

Непалда суу ташкынынан каза болгондордун саны миңден ашты 

Непалдагы катуу селден каза болгондордун саны 1056 адамга жетти. Бул тууралуу 1-сентябрда Кытайдын Борбордук телеканалы (CCTV) Непалдын полициясына таянып билдирди.

"1-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00гө карата Непалдагы кырсыктан каза болгондордун саны 1056 адамды түздү",- деп айтылат маалыматта. Ошондой эле табигый кырсыктан жабыркаган бардык аймактар ​​кийинки үч айга кырсык болгон аймак деп жарыяланары айтылды. Бул чечим ресурстарды туура бөлүштүрүү үчүн кабыл алынат.

Эске салсак, 26-августта Непалда катуу суу ташкыны болуп, Непал менен Тибеттин чек ара аймактарына олуттуу зыян келтирген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан