Биз социалдык тармакта

Ош шаары менен Пакистандын Лахор шаарынан ортосунда достук жөнүндө меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте Ош шаары менен Пакистандын Лахор шаарынын ортосунда туугандык байланыштарды орнотуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Маалым болгондой, документке кол коюу аземи Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында өттү.

Меморандум эки шаардын ортосунда достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, маданият, шаардык башкаруу жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: Лахор - Пакистандын Пенжаб провинциясынын борбору жана өлкөнүн маанилүү маданий шаарларынын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан