Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Кырчындагы этно-шаарчаны ачты (сүрөттөр)

Бүгүн, 2-сентябрда Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас" этно-шаарчасынын ачылышы өттү.

Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, бул жерде кыргыз элинин тарыхы, маданияты, каада-салты жана кол өнөрчүлүгү бир мейкиндикте чагылдырылганын белгиледи.

Этно-шаарчада боз үйлөр, улуттук кийимдер, кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, ыр-күүлөр жана кыргыздын байыркы өнөрлөрү көрсөтүлүүдө.

"Боз үйдү бүгүн да тигебиз, комузду бүгүн да чертебиз. Бул - жандуу мурас. Этно-шаарча ата-бабалардан калган мурасты сактап, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү максатын көздөйт",- деди Адылбек Касымалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан