Талас облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. Шаарды жана облусту жаңылоого багытталган иштер бул репортажда.
Курулуш, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүп, бир катар объекттерде иштер жыйынтыкталса, айрымдарында акыркы жумуштар аткарылууда.
Аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев журналисттерди тааныштырып, долбоорлордун мааниси жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди.
Бул чыгарылышта Таласта кайсы объекттер жаңыланганын, кандай курулуштар жүрүп жатканын жана кандай өзгөрүүлөр болгонун көрсөтөбүз.