Кыргызстандын жарандары Таиландда 1 айга визасыз жүрө алышат
15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга туристтик максатта визасыз кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу Таиланддын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстан Таиландга визасыз кирүүгө уруксат берилген 60 өлкөнүн жаңыланган тизмесине киргизилди. Жарандар визасыз режимди жыл ичинде, эки жолудан ашык пайдалана алышпайт.