Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча мелдештер башталды. Алгачкы оюн Өзбекстан менен Орусия курамаларынын ортосунда болду.
Оюн орусиялыктардын пайдасына 9:3 эсеби менен аяктады. Беттеш күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан маанайда, күчтүү атаандаштык менен өттү.