Кыргызстан менен Пакистан эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы эки жылда 200 миллион долларга чейин көбөйтүүгө макулдашты.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Макулдашуунун алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери тиешелүү документке кол коюшту. Документ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн экономикалык потенциалын толук пайдаланууга багытталган.