Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде Кыргызстан курамасы АКШ менен беттешүүдө.
Оюндун жүрүшүндө Мирбек Муташев кураманын пайдасына экинчи салымды салды. Ал тайказанга келгенде улакты эки колдоп так көтөрүп, андан соң күч менен жерге силкти. Бул кадимки килем күүгөндөй эле элес калтырат.
Айтмакчы, көк бөрүдөгү мелдештер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүдө.