Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн алыш күрөшүнүн эки түрү боюнча өлкө курамасы үч алтын эки күмүш медаль алды.
Дене тарбия жана спорт мамалекеттик агенттиги билдиргендей, кечээ, 2-сентябрда алыштын классикалык жана эркин түрүнүн үчтөн салмак чениндеги мелдештер жыйынтыкталган. Натыйжада, классикалык түрүнүн 60 килограммга чейинки салмак ченинде Роман Сапаров күмүш байге, 80 килограммга чейинкиде Мыктыбек Өмүрзаков уулу алтын байге уткан. Ал эми эркин түрүнөн 60 килограммда Баяман Абидинов алтын медаль, 80 килограммда Айболот Аманов алтын байге, 100 килограммдан жогорудан Ахрорбек Абдукаимов күмүш медаль тагынган.