VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдеште Кыргызстандын курама командасы А тайпасында өзбекстандык атаандаштарын 12:4 эсебинде жеңди.
Мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда бүгүн, 3-сентябрда болуп өттү.
Кыргызстандын белгилүү көк бөрүчүсү Манас Ниязов бардык командалар мыктылыгын көрсөтүп жатканын белгилеп, Казакстан да жогорку даярдыкта келгенин билдирди.
"Казакстан жакшы даярдыкта келиптир. 30дай ат алып келишкен, бул жактан да сатып алышкан",- деди Ниязов.
Белгилей кетсек, көкпар мелдешине 7 команда катышат, алар эки тайпага бөлүнгөн.