Бүгүн, 3-августтан баштап Кырчын жайлоосуна баргандарды ташуу үчүн дагы 50 автобус кошулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
"Бүгүн эртең менен Чолпон-Атага 40 автобус келип, жүргүнчүлөрдү ташууга киришти. Мындан тышкары, Кырчынга дагы 10 автобус жөнөтүлөт. Элдин топтолуп калышына жана транспорттун жетишсиздигине жол бербөө үчүн уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик, милиция жана башка тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Автобустарга отургузуу атайын белгиленген жерлерде ыктыярчылар менен милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө",- деп белгиленген маалыматта.
Маалыматка караганда, кечээ, 2-сентябрда Кырчын жайлоосуна 150 миңден ашуун адам барган.