Соң-Көлдүн Батай-Арал аймагында жапайы канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырымдык тосмо орнотулду.
Жаратылыш ресурстары министрлиги маалымдагандай, тосмонун негизги максаты - Соң-Көлдүн орнитологиялык аймагына адамдардын жана транспорт каражаттарынын көзөмөлсүз кирүүсүн чектөө.
"Айрыкча канаттуулардын көбөйүү мезгилинде адамдардын жана унаалардын көзөмөлсүз кирүүсү алардын жашоо шарттарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.