Биз социалдык тармакта

Ташиевдин "75чилерди" бильярдга чогултканы чындыкпы?

Бүгүн, 3-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча соттук отурум уланууда.

Сотко күбө катары чакырылган акын Акбар Рыскулов журналисттерге чуулуу катка бильярдга барганда кол койгонун билдирди.

"Бул кокусунан болуп калды. Бильярд ойногону барганбыз, анан ошол жерден катты көрсөтүп калышканынан кол коюп койгом",- деди ал.

Эске салсак, февраль айында интернет желесинде УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин кезексиз шайлоону өткөрүү боюнча бийликке кат жолдогон 75 адамдын айрым аксакалдары менен түшкөн сүрөтү жарыяланган. Сүрөт бильярд клубдарынын биринде тартылган.




Ташиевдин "75чилерди" бильярда чогултканы чындыкпы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан