Бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жер улак (көкпар) боюнча боюнча мелдештер өттү.
Алгач Кыргызстан менен Өзбекстан курамалары беттешип, кыргыз улакчылары 12:1 эсебинде утушту. Казакстан болсо орусиялык атаандаштарын 14:1 эсебинде жеп алды. Ал эми Тажикстан курамасы каршылашы ооганстандыктар оюн талаасына чыкпагандыктан жеңишти алышты.