Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу, футбол боюнча Кыргызстандын 2013-жылкы чемпиону “АФКнын кубогу-2014” мелдешинин тайпалык баскычына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Кечээ, 2-февралда “Алай” Палестинанын чемпиону “Аль-Тахри” менен аталган мелдештин тайпалык баскычына жолдомо үчүн оюн өткөрдү. 90 мүнөттүк оюн да кошумча убакыт 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталып, жеңүүчү пенальтилер сериясынын жыйынтыгында аныкталды. Анда 8:7 эсеби катталып, “Алай” жеңүүчү аталды.
Тайпалык баскычта эми “Алай” Иордания, Бахрейн жана Ирак мамлекеттеринин клубдары менен оюн өткөрөт.