Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан эр эңиште кыргызстандык Амантур Мүдүн уулу өзбекстандык атаандашын утту.
100 килограмм салмак ченинде катышкан балбан атаандашын бел курдан кармап, атынан жулуп алды жана өз атынын үстүнөн да ашыра ыргытты. Бул көрүнүш күйөрмандардын кыйкырыгын жаратты.