Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештер өтүүдө.
Анда 110 килограммда Кытайдын атынан чыккан Турдукул Абдрахманов деген кыргыз жигити өзбекстандык атаандашын 5 секунд ичинде аты менен чогуу кулатты. Бул учур көрөрмандарды ары таңдантса, ары кол чабууга мажбур кылды.