Бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында көк бөрүдөн Кыргызстан менен Өзбекстан курамалары оюн өткөрүштү.
Беттеш 16:11 эсебинде кыргыз улакчыларынын пайдасына чечилди. Акыркы 20 секунд калганда Мирбек Муташев өз тайказанына салым салып, Өзбекстандын пайдасына бир упай жасап берди. Бул беттештин экинчи бөлүгүндө өзбекстандык улакчы өз тайказанына улак салып, Кыргызстандын упайын көбөйткөнүнө жооп болду көрүнөт.