Кечээ, 3-сентябрда кыргыз күрөшүнүн белгилүү балбаны, улуттук кураманын капитаны Азисхан Мусабек уулу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктады.Азисхан Мусабек уулу улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөнүн 5 жолку чемпиону. Анын ичинде кыргыз күрөшү боюнча үч ирет дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле бел боо күрөшү жана алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, алыш бел боо күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону. Кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.
Балбан буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да байгелүү орундарга ээ болгон. 2022-жылы Түркияда өткөн IV оюндарда алыш бел боо күрөшүнөн 80 килограмм салмакта күмүш, 2024-жылы Казакстандагы V оюндарда 90 килограмм салмакта коло медаль алган.
Бул жолку VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары анын карьерасында өзгөчө мааниге ээ болду. Ал оюндардын ачылыш аземинде мамлекеттик тууну көтөрүп чыкты.