Соцтармактарда Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын Бишкектеги "Дордой Плаза" соода борборунда жүргөнү тартылган видео тароодо.
Кадрдан анын жансакчылардын коштоосунда соода борборунун ичинде жүргөнүн көрүүгө болот. Түркиянын биринчи айымы кийим сатып алганы айтылууда.
Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен Кыргызстанга иш сапары менен келип кеткен.