Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тыйын эңмей боюнча мелдештер өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдагандай, аталган мелдешке жалпы 11 мамлекеттен 11 спортчу катышкан. Жыйынтыгы:
- 1-орун - Канат Бактыбай (Казакстан)
- 2-орун - Азим Эсенбек уулу (Кыргызстан)
- 3-орун - Байболат Акылбек (Монголия)