Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 105 гектар жерге жаңы өндүрүш аймагын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалыматта калаа башчысы Жанар Акаев Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте аталган жерди көрүп чыкканы айтылат. Учурда анын мүмкүнчүлүктөрү жана объекттерди жайгаштыруу маселелери такталууда.