Батыштагы өнөктөштөр Армениядан Орусия менен визалык режим киргизүүнү талап кылууда. Бул талап Евробиримдик менен Армениянын ортосунда келечекте визасыз каттамды жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун алдын ала шарты катары коюлуп жатат. Бул тууралуу Hraparak.am басылмасы өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Европа Орусия менен визалык режим киргизилмейинче, Армения менен Евробиримдиктин ортосунда визасыз режим боюнча диалогду орто мөөнөттүү келечекте баштоо мүмкүн эмес деп эсептөөдө.
Эскерте кетсек, Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын лидерине тандоо учуру келгенинин билдирген.