Биз социалдык тармакта

Көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге билеттер сатылып бүттү    

6-сентябрда өтүүчү көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, Бает айылында финалдык мелдештерди көрүү үчүн фан-зона уюштурулат.

"Көк бөрү" аренасына кирүү билеттин негизинде гана жүргүзүлөт. Билети жок көрүүчүлөр аренага киргизилбейт. Күйөрмандар үчүн Бает айылында «Ак Марал» жана «Чайка» пансионаттарынын ортосундагы жээк тилкесинде атайын фан-зона уюштурулат. Ал жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештер чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан тышкары, финалдык мелдештердин түз эфирдеги көрсөтүүсү УТРК, ЭлТР жана Nomad телеканалдарынан, ошондой эле алардын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан жеткиликтүү болот", - деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан